ЖАРАНДЫК ЖООПКЕР – кылмыш жасоонун же кылмыш-жаза мыйзамдары тарабынан тыюу салынган жорук-жосундардын натыйжасында келтирилген зыян үчүн мыйзамдуу мүлктүк жоопкерчилик тартуучу жеке же юридикалык жак. Тергөөчү же судья ал жакты Ж. ж. катары таануу тууралуу токтом чыгарат.